Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага дайыма кам көргөн ата-энелер мамлекеттик колдоо каражатын алуу үчүн патент жана камсыздандыруу полисин алуусу керек. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри басма сөз кызматынан Кымбат Кадыралива SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага дайыма кам көргөн ата-энелер тастыктоо иретинде патент жана камсыздандыруу полисин сатып алуусу керек.
"Ар бир аймактык бөлүм кызматкердин жеке жардамчысы тарабынан берилген ишеним каттын негизинде патент ала алышат. Патент жана камсыздандыруу полисин даярдап берүүнү Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өз моюнуна алып, республикалык бюджеттен каржыланат", - деп белгиледи.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага кам көргөн ата-энеси, мыйзамдуу өкүлдөрү жана жакын туугандары мамлекет тарабынан ай сайын 4 миң 900 сомдон колдоо алышат.
Ал үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- арыз;
- ата-энесинин психикалык оруусу жок экендиги тууралуу маалым каттын көчүрмөсү;
- жашаган жеринен маалым кат;
- паспорттун (ID – карта) көчүрмөсү;
- банктык эсеп;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорттун көчүрмөсү талап кылынат.
Азыркы учурда өлкөдө 29,9 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала жашайт. Анын ичинен 6 миң бала такай көзөмөлгө муктаж.
Токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-ноябрда кол койгон.