Мухаммедкалый Абылгазиев: "Өкмөттүн түзүмү өзгөрөт. Азыркы түзүм менен иштөө кыйын болуп жатат"

Бүгүн, 29-ноябрда парламенттин жыйынында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуш Жаңы жылдан кийин берилерин айтты.

"Сөзсүз өзгөртөбүз. Азыркыдай түзүм менен иштөө кыйын болуп жатат. Өзүмдө да, кызматташтарымда да көз караш пайда болду. Сөзсүз түрдө өкмөттүн жаңы, натыйжалуу түзүмү иштеши керек. Анын ичинен Коргоо министрлиги жана Энергетика министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн" - дейт өкмөт башчы.

Депутат Искендер Матраимов министрликтердеги жардамчыларды да кыскартууну сунуш кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан