"Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева ушундай ката менен китеп чыгаргандан уялган жоксуңарбы? Грант менен келген каражат деп эле чача бересиңерби? Өлкөнүн бюджетине зыян келтирип жатасыңар. Эл алдына чыгып, ушул кетирген катаңыз тууралуу кечирим сурадыңызбы?" - деди Сурабалдиева.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева мектеп окуучуларына берилген китептеги ката тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн билдирди.