"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында ушул жылдын декабрь айынан тартып келерки жылдын февраль айына чейин Бишкектин көчөлөрүнүн 38 жерине жол кыймылын көзөмөлдөө камералары коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда парламенттик жыйында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
"Декабрь айынан келерки жылдын февралына чейин Бишкектин 38 көчөсүнө жол кыймылынын эрежелерин бузууну аныктоочу камералар орнотулат. Учурда тендердик процедура аяктаган. Ошондой эле техникалык иштер жүргүзүлүүдө" - деди өкмөт башчы.
Мындан тышкары өкмөт башчы жаңы түзүлө турган патрулдук милицияга кызматкерлерди кабыл алуу сынактын негизинде өтөрүн айтты. Кызматкерлерди алууда мыйзамды билүүсүнө басым жасаларын кошумчалады Абылгазиев.