Өкмөт башчы "Кумтөр" компаниясын сатып алууга кызыкдарлар бар экенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүдө кандай жыйынтыктар кабыл алынганын бүгүн, 29-ноябрда парламенттик жыйында сурады.

Өкмөт башчы "Кумтөр" кенин иштеткен компанияны башка жактар сатып алат деген маалымат тарагандан кийин эмне болуп жатканын билүү максатында "Centerra Gold Inc." компаниясынын аткаруучу директору Скотт Перрини чакыртып, аны менен сүйлөшкөнүн айтты.

"Ал жерде негизги маселелерди карадык. Биринчиси, "Кумтөрдүн" өзүнөн канча алтын өндүрүлөрүн, андан биздин экономика менен бюджетке кандай таасир болорун сүйлөштүк. Бул боюнча жакшы жыйынтык бар. Жалпысынан 14,5 тонна алтын чыгарабыз деп жатышкан болсо, 16 тонна чыгара турган болду. Экинчиси, геологиялык чалгындоо боюнча. Буларда көп жылдан бери чалгындоо иштери жок болчу. Азыр чалгындоо иштерин күчөтүп, акча бөлүп, 2019-жылы быйылкы жылдан кем эмес алтын чыгарууну моюнуна алып, болгон күч-аракетин жумшай турган болду" - деди премьер-министр.

Өкмөт башчысы "Centerra Gold Inc." компаниясынын аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушууда компанияны сатуу боюнча тарап жаткан маалыматтар дагы талкууланганын билдирди.

"Перри чындыгында компанияны сатып алууга кызыккан тараптар болгонун, бирок олуттуу сүйлөшүү жүрбөгөнүн маалымдап, эгер сатып ала турган тарап чыкса, негизги акционер катары Кыргыз мамлекети сөзсүз түрдө кабардар болорун айтты" - деп белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан