Жогорку Кеңеш 2019-жылдын республикалык бюджетин 151 миллиард 454 миллион сом деп кабыл алды

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңеш 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын, 2018-жылдын бюджетине киргизилген толуктоолорду жана 2019-жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбоорлорун үч окууда кабыл алды.

Парламенттин жыйынына өкмөттүн толук курамы келип, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Мыйзам долбоорлоруна 111 депутат "макул", 1 депутат "каршы" деп добуш берди.

2019-жылдын бюджети 151 миллиард 454 миллион сомду, чыгаша бөлүгү 161 миллиард 710 миллион сомду түздү. Бюджеттин тартыштыгы 10 миллиард сомго жетет.

Депутаттар бюджеттин аткарылышы, кийинки жылдарга пландалган иштер, аймактарды өнүктүрүүгө берилген каражаттар, айыл-чарба продукцияларынын сатылышы, ишкердикти колдой турчу фондулардын ишмердиги жана билим берүү тармактарындагы суроолорду беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан