КҮНСЕРЕП: Бюджеттин эсебинен өтүүчү тойлор кыскарбайт. Депутаттар "принципиалдуулук" көрсөтүштү

Бүгүн, 30-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.

Парламент 2017-жылкы республикалык бюджеттин аткарылышын, 2018-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүүнү жана 2019-жылдын бюджетин бекитүүнү дароо 3 окууда карап, 111 добуш менен бекитип берди.

Жыйында депутат Кенжебек Бокоев республикалык бюджет - өлкөнүн эӊ маанилүү документи экенин айтып, 3 жылдын бюджетин 1 күндө карап, бекитүүгө каршы чыкты. 2019-жылга бюджетти келерки апта шашпай карап, ар бир тыйын эмнеге жумшаларын тактайлы деген сунуш киргизди. Негизгиси - ар бир жылдын бюджетин өз-өзүнчө кароо Жогорку Кеӊештин Регламентинин талабы экенин эскертти. Жогорку Кеӊештин Регламентинин 72-беренеси мындай: Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору Жогорку Кеӊеш тарабынан толук талкуулоо процедурасы боюнча 3 окууда каралат. Толук талкуулоо - бюджет жөнүндө мыйзам 3 окуудан өтүп, ар бир окуунун ортосунда тийиштүү убакыт сакталууга тийиш дегени. Жогорку Кеӊештин Регламентинин 55-беренеси: Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгы 10 жумушчу күндөн кем болушу мүмкүн эмес.

Бирок көпчүлүк депутаттар Бокоевди колдобой коюшту. Спикер Дастанбек Жумабеков бул жолу да өкмөткө жан тартты. Өкмөт бюджет жөнүндө 3 мыйзамды чогуу кароону сунуштаганын, аны депутаттар добуш берүүдө колдоого алганын эскертип жатты. "Буга мыйзам жол берет экен" деди ал. "Бир Болдун" лидери Алтынбек Сулайманов "сиз жол бердирткиӊиз келип жатса, мыйзам жол берет да. Бюджетти өз-өзүнчө алып келгиле деп артка кайтарып жиберишиӊиз керек эле. Ошон үчүн төрагасыз. Биротоло эле өкмөткө адвокат болуп албайсызбы" деп спикердин ишине нааразычылык билдирди. Бийликке күчтүү депутаттардан төрага шайлоо эмне үчүн керек эместиги ушундай иштерде оркоюп көрүнүп калат. Ошентип, “2017-жылы баары президенттик шайлоого чуркап кетип бюджет аткарылбай калган, ар бир жыл боюнча жоопкерчиликти өз-өзүнчө карайлы” деген жөндүү сунуш колдоо тапкан жок. Депутаттардын айтканына таянсак, өкмөт бюджет 2-декабрга чейин бекитилиши керек деп шаштырып жатат. 2-декабрга чейин бекитилиши керек болгон документ эмне үчүн кечиктирилип, эми киргизилгенин териштирген эл өкүлү болгон жок. Мыйзамдар талкуу, толуктоолордон өтүп, кемчиликтер жоюлушу үчүн 1-2-3 окуудан өтөт. Үч окуудан дароо кабыл алуу - маселе ийне-жибине чейин талкууланган жок, кемчиликтер жоюлбады деген сөз. "Өкмөттүн адвокаты" деген атак төрага Жумабековго биринчи жолу жармашып жатканы жок. Ал өкмөттүн эмес, парламенттин аброюн коргоӊуз деген эскертүүнү депутаттардан көп жолу угат. Бул жолу да айтылды. Депутат Рыскелди Момбеков: "Эл бизди эмне деп жатат, уктуңар да. Азимбек айтты "базаркомдор, булар мыйзам жазганды билбейт" деди. Мадумаров "биржа" деди. Кылычбек Султан "принциби жок, ылдый баштар отурат" деди. Ушуну уккуңар келди беле? Угасынар, далай угасынар. Биз өкмөткө болушабыз, а бизге болуша турган киши жок болуп жатпайбы", - деди. Депутат Садык Шер-Нияз төрагага "добуш берүү менен чечтик деп эле мыйзамды буза бересизби" деп эскертүү берди.

Мындан 1 күн мурун парламент Дүйнөлүк банктан 24 миллион доллар алуу боюнча келишимди да Регламентти бузуу менен бекитип берген. Анда Курманкул Зулушев баштаган депутаттар сырттан насыя алууга тийиштүү келишимди дароо 3 окуудан карап, бекитүүгө мыйзам жол бербей турганын айтып чыгышкан. Бирок каржы министри Адылбек Касымалиевдин 7-декабрга чейин келишимди бекитпесек акча ала албай калабыз дегенине шылтап, көпчүлүк долбоорду колдоп беришти. Колдогондор "бул жолу өткөрүп коё берели, кийинкиде жол бербейбиз" дешкен эле. Эртеси минтип бюджет жөнүндө мыйзамды кароодо Регламенттин талабы кайра бузулганын депутаттар өздөрү айтып чыгышты, бирок жыйынтык чыгарышкан жок. Жогорку Кеӊеш - өкмөттү түзүп, иштете турган орган. Соӊку окуялар парламент өкмөттү эмес, өкмөт парламентти башкарып жатканын көрсөтүүдө. Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушунун жыйынтыгы жаман болорун өлкөнү башкаруучу топтор 27 жылдан бери түшүнүп бүтпөй жатышат...

Парламенттеги КСДП фракциясы өлкөдө маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Чиновниктер Маалымат коопсуздугун камсыздоо концепциясы даярдалып жатканын айтышты. УКМКнын маалыматына таянсак, быйыл терроризмге үгүттөгөн 24 сайт жабылды. Ал эми терроризмге үгүт жасаган социалдык түйүндөгү баракчаларды жабууга УКМКда техникалык мүмкүнчүлүк жок экени айтылды. Иса Өмүркулов "маалыматтык мейкиндик көзөмөлсүз калды. Социалдык түйүндөр балдардын психикасын бузууда" дейт. Аягында фракция өкмөттүн бул тармактагы ишин "жетишсиз" деп тапты.

Депутаттар менен чиновниктер социалдык түйүндөрдү көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү жоктугуна көптөн бери баш оорутуп келе жатышат. Буга чейин депутат Дастан Бекешев интернетте адамдын аброюна шек келтирген билдирүү жазгандарга айып салууну, айыптын эӊ аз көлөмүн 20 миӊ сом кылууну демилгелеп чыккан. Мындай демилге коомдо кескин сынга кабылып, сунушун артка кайтарып алган. Маалыматтык коопсуздукту күчөтүү зарылчылыгы бар. Бирок бийлик анын шылтоосу менен өзүнө жакпаган маалымат каражаттарын бууп салууну көздөбөгөнү оӊ. Мисалы, мурдагы бийликти сындаганы үчүн "Сентябрь" телеканалын ынанымсыз жүйөнүн негизинде 1 күндө эскертүүсүз жаап салышкан. Эркин ЖМКларды чектөө аракети эч бир бийликке аброй алып келген эмес...

Депутаттар 2019-жылдын бюджетинин долбоорунан салык төлөөчүлөрдүн акчасын той-мааракелер үчүн жумшоого тыюу сала турган беренени алып салышты. Бул берене депутат Дастан Бекешев тарабынан киргизилген эле.

Мааракелерди тойго айлантпай эле заманбап түрдө, ашыкча чыгымсыз деле белгилесе болорун айткандар саналуу гана болду. Той-мааракени сүйгөн, мамлекеттик тойлордо төрдө отуруп казы-карта жеп көнгөн депутаттар мыйзамга бул беренени киргизүүгө каршы чыгышты. Бул норма кирип калса, өкмөт көрүнүктүү инсандардын юбилейлерине акча бөлө албай калат деген шылтоо айтышты. Мамлекеттин казынасы каржылай турган той-аштардын тизмеси жыл сайын өкмөттүн токтому менен бекитилет. Мисалы, 2018-жылы салык төлөөчүлөрдүн эсебинен 105 той каржыланганын экс-депутат Акылбек Жамангулов айтып, сындап чыккан. Ал мындай тойлорго 5 жылга чектөө киргизүүнү сунуштап, колдоо тапкан эмес. Эл көзүнө ысырапкорчулукту аябай сындап жүргөн эл өкүлдөрү сөздөрүн иш жүзүндө далилдей алышкан жок. 10 миллиард сом тартыштык менен бекитилген казынаны 2019-жылы да төгүп-чачууга жол ачып беришти...

Парламентте "Республика-Ата Журт" фракциясы миграция көйгөйүн талкуулады. Жыйынга Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов, тиешелүү органдардын өкүлдөрү катышты. Фракция лидери Жыргалбек Турускулов Кыргыздын 1 миллиондон ашык жараны сыртта мигрант экенин, аларды "кара тизмеден" чыгаруу, укуктарын коргоо иши курч турганын айтты.

Расмий маалыматка таянсак, 2017-жылы мигранттар Кыргыз өлкөсүнө 2 миллиард 83 миллион доллар которгон. Ал эми быйылкы жылдын 8 айында мигранттар которгон акча 1 миллиард 844 миллион долларды түздү. Ибраимжановдун маалыматына ылайык, расмий түрдө Кыргыздын 750 миӊ жараны мигрант деп саналат. Анын 80 пайызы Орусияда, 10 пайызы Казакстанда, 10 пайызы башка өлкөлөрдө жүрөт. Кыргыз мигранттарынын 75 пайызы Баткен облусунун, 27 пайызы Жалал-Абаддын, калганы башка аймактын тургундары. Депутаттар Кыргыз мигранттарын Орусиянын "кара тизмесинен" чыгарууда өкмөт иштебей жатат дешти. Өкмөттүн өкүлдөрү мигранттардын абалын жеӊилдетүү аракети жүрүп жатканын дайыма айтып жүргөнү менен, жыйынтык көрүнбөй жатат. Быйылкы жыл “аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. Бирок аймактарда иштеп, үй-бүлө багууга мүмкүнчүлүк жоктугунан ушул жылы эле 220 миӊ Кыргыз жараны мигрант катары Орусияга чыгып кетти. Муну Орусиянын тийиштүү органдары жарыялаганын ЖМКлар жазып чыгышты. Миграция кызматынын төрагасы Ибраимжанов миграцияга тийиштүү жаӊы мыйзамдар даярдалып жатканын айтып, кийинки жылы ал Жогорку Кеӊештин кароосуна киргизилет деп убадалады. Ошентип, түйшүгү көп мигранттарга шарт түзүүнү өкмөт дагы бир жылга артка жылдырды...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан