Депутат Карамушкина интернеттеги социалдык түйүндөрдөгү топторду текшерүү зарылдыгын айтты

Бүгүн, 30-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Ирина Карамушкина социалдык түйүндөрдөгү топторду текшерүү зарылдыгын айтты.

"Фейсбукта "Компромат" тобунда экстремизмге чакырык таштаган маалыматтар жарыяланат. Эмнеге тийиштүү чаралар көрүлбөйт?" - деди Карамушкина.

УКМКнын өкүлү Асылбек Кожобеков мындай маалыматтар жарыяланса чаралар көрүлүп жатканын билдирди.
Ошону менен катар эле депутат Жогорку Кеңештин аккредитациясынан өткөн журналист ал тууралуу улуттар аралык кастыкты козута турган пост жазганын кошумчалады. Эл өкүлү бул боюнча чара көрүлүшү керектигин белгиледи.

Мындан тышкары ал экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн видеосун кесип, коррупционердин образы жаратылган видео таратылып жатканын айтты. УКМКнын өкүлү бул боюнча сотко кайрылууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан