КСДП өкмөттүн маалыматтык коопсуздук боюнча отчётуна "жетишсиз" деген баа койду

Бүгүн, 30-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында өлкөдөгү маалыматтык коопсуздук боюнча маселе талкууланды. Баяндаманы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жасады.

Фракция лидери Иса Өмүркулов депутаттарды "өкмөттүн маалыматы эске алынсын" деген чечимди добушка койду. Бирок депутат Аалы Карашев "вице-премьер өзү маалыматтык коопсуздуктун сакталышына канааттанбай жатканын айтып жатса, "эске алынсын" деп чечим чыгаруу туура эмес" деп айтты.

Мындан улам өкмөттүн маалыматы "жетишсиз" деген баа добушка коюлуп, жыйынтыгында көпчүлүктүн добушу менен бул чечим колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан