КСДП фракциясы Иса Өмүркуловду фракция лидерлигинен кетирүү боюнча партиянын чечимин качан карай турганы белгисиз. Ал өзү бүгүн, 30-ноябрда SUPER.KG порталына билдиргендей, партиядан толук маалымат дале келе элек.
"Партиянын жыйынына кимдер катышканы тууралуу маалыматты сурап, кат жөнөткөнбүз. Жооп дале келе элек. Бул чечим мыйзамсыз экенин билебиз", - деди Өмүркулов.
"КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өткөрүп жүргөн активисттер Өмүркулов менен жолугушуу өткөрүп, фракция лидери аларды колдоду деп маалымат тараткан. 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган. Өмүркулов аны партиядан четтеткен КСДПнын саясий кеңешинин жыйынын "легитимсиз" деп атаган.