Жогорку Кеңеш мамлекеттик бюджеттен мааракелер каржыланышына каршы эмес

Жогорку Кеңеш 2019-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунан мааракелерди жана майрамдарды каржылоого тыюу салуу жөнүндө беренени алып салды. Тиешелүү чечим парламенттин 29-ноябрдагы жыйынында 2-окууда кабыл алынды.

Бул суроонун алкагында депутаттар арасында көпкө талаш-тартыш орун алып, кээ бир депутаттар нааразычылыктарын билдирди. Анткени өкмөт көрүнүктүү инсандардын мааракелерин өткөрүүгө каражат бөлүп бере албайт деген пикирлерин айтышты.

Депутат Дастан Бекешев мааракелерди өлкө казынасынан каржылоо тууралуу Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында каралып, бирок так аныкталбай калганын билдирди.

Ал эми депутат Жанар Акаев мааракелерди той кылып эмес, илимий конференциялар заманбап түрдө өткөрүүнү сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан