ЭЛДИК КАБАР: Исфана шаарында күйүүчү май ташуучу унаа кулап, май сайга агып калды

Исфана шаарында күйүүчү май ташуучу унаа кулап, андагы күйүүчү май сайга агып калды. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 30-ноябрда саат 18:00 чамасында болгон. "Исфана шаарындагы борбордук көчөдө Хово үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, кулап кеткен. Анда 30 тоннадай күйүүчү май төгүлүп, сайда аккан сууга кошулуп кетти. Ал суудан төмөнкү айылдар суу алып ичишет. Кырсыктан жеңил жаракат алгандар бар", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bars111
2018-11-30 22:09:55
Дарыяңарда сууңар көрүнбөйт ко?
-2
Samar90
2018-11-30 23:14:46
Bars111,дарыясыда сууну токтотуп куйучу май агызган окшойтта
-2
tina-Tin
2018-11-30 23:43:34
Bars111,ким айтты дарыя деп.?
0
Baatirbek81
2018-12-02 09:19:30
Май,сай деп турат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан