Жергиликтүү сотторго судьяларды дайындоо жарлыгына кол коюлду

Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна, Ысык-Көл облустук сотуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна - Мээрим Казыгулова;

Ысык-Көл облустук сотуна - Жаңыл Борончиева;

Бишкек шаардык сотуна Алмаз Карабеков, Антонина Рыбалкина, Жамиля Сабитова;

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан