Акылбек Орозалиев президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-декабрда кол койду.
Акылбек Орозалиев 1970-жылы 2-августта Ош облусунун Ноокат районунун Караван айылында туулган.
Ал 1992-жылы Москвадагы айыл чарба өндүрүшүнүн инженерлер институтун аяктаган. 1998-жылы Президенттин алдындагы башкаруу академиясын бүтүргөн. 2012-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган.
1992-1993-жылдары "Эдельвейс" ЖЧКсынын менеджери;
1994 -1995-жылдары Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын жарандык коргонуу штабынын башчысы;
1995-жылы Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын жаштар иштери боюнча комиссиянын төрагасы;
1995-1997-жылдары Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын канцеляриянын башчысы;
1998-2000-жылдары Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укук коргоо органдарынын ишмердигин координациялоо боюнча бөлүмүнүн башкы адиси;
2000-жылы Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын губернаторунун жардамчысы;
2000-жылы Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын финансы-чарба бөлүмүнүн башчысы;
2000-2001-жылдары Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын өзгөчө кырдаалдар, курулуш жана коммуналдык чарба департаментинин директору;
2001-жылы Каржы министрлигинин мамлекеттик секторду каржылоо башкармалыгынын мамлекеттик кызматтын административдик реформалар бөлүмүнүн жетекчи адиси;
2001-2002-жылдары Каржы министрлигинин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
2002-жылы Ички иштер министрлигинин кадрларды башкаруу башкармалыгынын комплектөө жана эсепке алуу бөлүмүнүн инспектору;
2004-2009-жылдары Ички иштер министрлигинин оперативдик анализ жүргүзүү башкармалыгынын башчысы;
2008-2010-жылдары Ички иштер министрлигинин атайын орто милиция мектебинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы;
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн аппаратынын соттор коомчулуктары менен өз ара аракеттенишүү бөлүмүнүн эксперти;
2010-2012-жылдары президенттик администрациясынын сот органдары менен өз ара аракеттенишүү бөлүмүнүн эксперти;
2012-жылы өкмөттүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана регионалдык мониторинг бөлүмүнүн инспектору;
2012-2018-жылдары прзиденттик аппараттын мамлекеттик жана территориалдык башкаруу жана кадр иш бөлүмүнүн инспектору;
2018-жылдан тарта президенттик аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.