Бүгүн, 3-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга сересеп салабыз.
Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековду авторитаризмге багыт алды, бийлик реформа жүргүзөбүз деген убада берип, иштегендей түр көрсөтүүдө, иш жүзүндө мурунку бийликтерде болуп келген эле көрүнүштөр кайталанууда деп сындашууда.
Саясатчы Равшан Жээнбеков президент Жээнбеков жарандык активисттер менен жолукканда "сот реформасын жасоого жарандык коомду тартам" деген оюн айтып, бирок иш жүзүндө кайра эле кошоматчы, оюн эркин айта албаган адамдар менен багыты жок иштин артынан түштү деген пикирде. "Мындай курам менен "реформаны" бардык президенттер жасаган, 28 жылдан бери жасап келе жатабыз", - дейт саясатчы. Укук коргоочу Рита Карасартова Коопсуздук кеӊешинин алдында түзүлгөн сот реформасына байкоо жүргүзүүчү топко бул тармакта көптөн бери иштеп жүргөн, кеңири тажрыйбасы, маалыматы бар эксперттерди чакырышпаганын айтат. Укук коргоочу жарандык коом эркин мониторинг жүргүзүп, жасалбай жаткан иштерди бийликтин көзүнө сайып көрсөтүп туруу керектигин айтат.
Ушул жылы май айында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Соттук реформа боюнча кеӊештин кезектеги жыйыны өткөн. Анда президент соттук реформанын жүрүшүн такай көзөмөлдөй турган топ түзүлөрүн, сот тармагын реформалоо иши анын жеке көзөмөлүндө болорун айткан. Ал эми июлда президент жарандык коомдун 40тай өкүлү менен жолугушкан. Анда Сооронбай Жээнбеков соттук реформа жасоодо бийлик жарандык коомдун жардамына муктаж экенин айтып, көз карандысыз адистерден сунуш, идея күтөрүн айткан эле. Бул окуяны азыркы бийликти колдогондор "президенттин көрөгөчтүгү" деп абдан макташса, экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов президенттин сөзүнө ишенүү эрте экенин айтып чыккан. Ушул жолугушууда Равшан Жээнбеков соттук реформа боюнча комиссия түзүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрүн кошууну сунуштаган. Президент Равшан Жээнбековдун өзүн ошол комиссияга кирүүгө чакырган эле.
Соттук реформа жүрмөйүнчө өлкөдө мыйзамга таянган адилеттүү башкаруу орнобосу, коррупция жоюлбасы анык. Ар бир бийлик адилеттүү сот системин убада кылат, бирок бири да ишке ашырган жок. Эгер азыркы бийлик соттук реформа кандай жүрүп жатканын көзөмөлдөөчү топко көз карандысыз адистерди кошпой, өзүнө ыӊгайлуу пикирди айтып, колдоочуларды чогултуп алса, анда бул "реформа" деле кагаздарда, отчёттордо калат. Жакында президент Сооронбай Жээнбеков эгемендүү Кыргыз тарыхындагы экс-премьерлер жана экс-спикерлер менен жолугуп, өлкөнүн келечеги үчүн алардын кеп-кеӊешин угууга даяр экенин айтты. Саясатчы Адахан Мадумаров бул убадаларга ишенүүгө эрте дейт. Жээнбековдун 6 жылдык мөөнөтүнүн 1 жылы ушундай убадалар менен өттү. Сөздөн ишке өткөндө бийликтин убадасы менен кылып жаткан иши эки башка экени көрүнө баштады...
Парламентте мунай иштетүүчү "Жунда" заводуна сырттан химиялык зат алып кирүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү. Топтун курамына 6 депутат, тийиштүү мекемелердин өкүлдөрү кирди.
2017-жылы жазында "Жундага" 1 тонна тетрахлорэтан заты киргизилген. Уулуу деп саналган бул затты эми Кыргыз өкмөтү артка кайтара албай жатат. Кытай тарап "ошол жактан эле жок кылып берсеӊер" деп уулуу затты кайтарып албай койгону айтылды. Маалыматты Жогорку Кеӊештин жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов тастыктады. Азыркы тапта уулуу зат кампада сакталып турат. 2010-жылы Кыргыз жерине тетрахлорэтан затын алып кирүүгө тыюу салынган. Депутат Алмасбек Акматовдун айтымында, "Жунда" заводунун жетекчилиги бул затты өлкөгө киргизүүгө бажыдан жана Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинен уруксат алынганын билдирген. Аталган агенттиктин жетекчисинин орун басары Арсен Рыспеков мекеме заводго мындай уруксат бербегенин, уулуу зат мыйзамсыз киргизилгенин айткан. Айтор, 1,5 жылдан бери 1 тонналык уулуу заттын тагдыры чечилбей, сакталып турат.
Уулуу зат темасы "Кумтөр" маселесинде такай көтөрүлүп жүрөт. 1998-жылы "Кумтөр" алтын кенине цианид ташып бараткан оор жүк ташуучу автоунаа аварияга учурап, Барскоон дарыясына кулап түшүп, уулуу зат жүктөлгөн унаа дарыяда бир нече саатка жатып калган. Ошол учурда Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, цианид Барскоон дарыясы аркылуу Ысык-Көлгө чейин агып жеткен. Бул окуядан кийин ден соолугу начарлап ооруканага кайрылгандар болгон. Адистердин айтымында, "Кумтөрдө" 1 килограмм алтын өндүрүү үчүн 341 килограмм цианид колдонулат. Алгач "Кумтөр" компаниясы тапкан кирешесинин 2 пайызын Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна которуп турса, азыркы тапта 1 пайызын которот. 1998-жылдан 2017-жылга чейин бул фондго 3 миллиард сом которулган. Бул акча менен Ысык-Көлдө түрдүү социалдык долбоорлор каржыланып келет. Деген менен "Кумтөр" аймакка экологиялык ири зыян алып келгенин, анын баасы бир нече миллиарддарга жете турганын Садыр Жапаров баштаган Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаттарынан түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү айтып жүрүшөт. Бирок өкмөттү цианид окуясы чочулатпайт көрүнөт. Мамлекеттик мекемелер уруксат кагазын бербесе 1 тонна тетрахлорэтан кандайча өлкөгө кирип кеткени да иликтениши зарыл...
Түркияда 15 жыл мыйзамдуу иштеген Кыргыз мигранттары пенсиясын Кыргыз өлкөсүнөн ала алышат. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, ортодогу келишимге ылайык, Түркия андай жарандардын пенсиясын Кыргыз жерине которуп берет. Түркияда иштеп жүрүп пенсия ала баштаган жарандар Кыргыз жеринде иштеген мезгили үчүн да пенсия ала алышат. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, Түркияда иштеген жалпы Кыргыз жарандарынын саны 30 миңге жакын. Мунун ичинен 11 миң 500 Кыргыз мигранты мыйзамдуу түрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Ушундай эле систем ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген Кыргыз мигранттарына да иштеши мүмкүн. Тийиштүү келишим жакында кабыл алынары күтүлүп жатканын Социалдык фонддон билдиришти. Бул келишим түзүлүп калса, Орусияда мыйзамсыз иштеген мекендештер легалдуу иштөөгө умтулушары анык. Расмий маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө Орусияда 700 миӊден ашык мекендешибиз жашап, иштейт. Өлкөнүн ЕАЭБге кирүүдөгү максаттарынын бири – бул биримдикке кирген өлкөлөрдө жашап, иштеп жүргөн Кыргыз жарандарына шарт түзүү эле. Кыргыз мамлекетинин ЕАЭБге киргенине жакында 4 жыл болот. Кыргыз мигранттарынын келечегине кам көрүүчү келишим эми кабыл алынганы жатат. Кыргыз өлкөсүнүн аталган уюмга даярдыксыз киргенин көрсөткөн мындай окуялар четтен саналат...