"Жунда" заводу өлкөгө Кытайдан уулуу зат киргизип кеткен. Өкмөт аны кайтара албай жатат.
Бул маалыматты Жогорку Кеӊештин жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов билдирди.
"Өлкөгө киргизилбеши керек болгон уулуу зат киргизилип кетиптир. Аны кайра Кытайга кайтара алган жокпуз. Кытай тарап "ошол жактан эле жок кылып берсеӊер" деген маселе койду. Биз аны Улуттук илимдер академиясына берсекпи деп жатабыз, анткени илимий изилдөө иштерине керек экен. Азыркы тапта уулуу зат кампада сакталып турат", - деди Рустамов.
Депутаттар аталган уулуу зат адам ден соолугуна өтө коркунучтуу экенин, бул маселени тезинен чечүү керектигин эскертишти.
2010-жылы Кыргыз жерине тетрахлорэтан затын алып кирүүгө тыюу салынган. 2017-жылы "Жунда" заводу өлкөгө 1 тонна аталган затты алып кирген. 1,5 жылдан бери бул маселе чечиле электиги белгилүү болду.
"Жунда" - Кара-Балтада Кытайдын инвестициясына курулган мунайды кайра иштетүүчү завод.