Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен “Эти Бакыр” түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өттү. Анда жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышты. Буга чейин деле өлкөнүн аймагындагы кендерде чет өлкөлүк компаниялардын иштешине каршы нааразычылык акциялары уюштурулуп келген.
SUPER.KG порталынын "Бийлик кен казуу тармагында кандай катачылыктарды кетирүүдө?" деген соболуна коомдук-саясий ишмер Максат Мамытканов жооп берди.
Анын айтымында, борбордук бийлик менен жергиликтүү бийлик элге мыйзамдардын негизинде берилген укуктары жөнүндө маалыматты жеткирбейт.
"Мисалы, 2008-жылы Курманбек Бакиевдин убагында өкмөт токтом кабыл алган, ал токтомдо жергиликтүү бийлик мыйзамдын чегинде ошол жерде жашаган адамдарга алтынды издеп, ишкерлик жүргүзгөнгө уруксат берген болчу. Ушул мыйзам жөнүндө Чаткалдын тургундары гана эмес, бүт кыргыз эли билеби? Жок, билбейт! Эгер билсе, алтын кендерди аукциондон саттырбай эле, өздөрү мамлекеттин уруксаты менен алтынды өндүрүп пайда алмак. Ошол алтынды "Кыргызалтынга" жана башка алтынды сатып алууга уруксаты бар мекемелерге сатып жакырчылыктан чыгар эле.
2015-жылы бул өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген, бирок азыркы убакытка чейин бул маселе боюнча маалыматты жалпы элге эч ким таратып түшүндүрүп берген эмес. Ошон үчүн эл өзүнүн укуктары жөнүндө дагы эле эч нерсе билбейт. Буга ким күнөөлүү? Бийлик өзү күнөөлүү.
Мына быйыл 26-ноябрда Шавкат Мирзийоев Өзбекстанда жаңы мыйзамга кол коюп, ошого ылайык, эми алтынды жеке ишкерлерге патент системи менен жөнөкөйлөштүрүп иштетүүгө уруксат берилди. Бизде болсо 2008-жылы кабыл алынган өкмөттүн токтомдору жөнүндө 10 жылдан бери эч ким билбейт. Бул кандай мамлекеттик башкаруу? Ошон үчүн эл менен тыгыз маалымат алмашуу зарыл. Элге берилген мүмкүнчүлүктөрүн камсыздап бериши керек. Ошондо гана эл нааразы болбойт, иш менен алек болот. Мамлекетке салык түрүндө пайда, ал эми эл өз мээнети менен өзүн багып, жумуш орундары пайда болот", - деди Мамытканов.
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов, Экономикалык маселелер боюнча эксперт Азамат Аттокуров, Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын мүчөсү Картайбек Муканбетов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.