Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен “Эти Бакыр” түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өттү. Анда жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышты. Буга чейин деле өлкөнүн аймагындагы кендерде чет өлкөлүк компаниялардын иштешине каршы нааразычылык акциялары уюштурулуп келген.
SUPER.KG порталынын "Бийлик кен казуу тармагында кандай катачылыктарды кетирүүдө?" деген соболуна Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын мүчөсү Картайбек Муканбетов жооп берди.
"Жер казынасы жөнүндө" мыйзамда коррупциянын өнүгүшүнө жол бере турган эки пункт бар. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап келебиз. Лицензиянын экинчи, үчүнчүсүн, колго уруксат берилгенин алып салуу керек. Кээ бир фирма өздөрү кенди иштете албай, бирөөгө сатып жатат. Лицензия берген жобону өзгөртүш керек. Лицензия берүү эки этап менен берилиши керек. Биринчиси, сынактан жеңүүчүнү аныктоо зарыл. Лицензия алган жак долбоорун даярдоосу шарт. Долбоор экологиялык, экономикалык, техникалык бардык экспертизадан өтүшү керек. Макулдашууну жергиликтүү элге тааныштырып, кен кандай болуп казылат жана башка маселе боюнча түшүндүрүү иштери жүрүшү абзел. Тааныштыруу, түшүндүрүү иштери жүрбөй эле кендерди казып кирсе, элдин кыжыры келет да.
Ушундайдын айынан шылуундар пайда болду. “Элди токтотом” деп фирмадан акча сурайт. Аларга макул болуп акча берсе, экинчиси “акча бербесең, элди көтөрөм” деп келишет. Экологияга зыяны барбы же жокпу, айтор, элдин башын айландырган катмар пайда болду”, - деди Муканбетов.
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов, Экономикалык маселелер боюнча эксперт Азамат Аттокуров, коомдук-саясий ишмер Максат Мамытканов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов, экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетовдун пикири төмөнкү шилтемеде.