Базарбай Мамбетов, эксперт: "Тоо-кен тармагындагы коррупция тууралуу президентке жазганбыз, ал дале үн катпай жатат"

Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылында кен иштеткен “Эти Бакыр” түрк фирмасынын иштешине каршы митинг өттү. Анда жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышты. Буга чейин деле өлкөнүн аймагындагы кендерде чет өлкөлүк компаниялардын иштешине каршы нааразычылык акциялары уюштурулуп келген.

SUPER.KG порталынын "Бийлик кен казуу тармагында кандай катачылыктарды кетирүүдө?" деген соболуна экономикалык саясат боюнча эксперт Базарбай Мамбетов жооп берди.

Ал өлкө аймагындагы кендердин чет өлкөлүк компанияларга коррупциялык схема менен берилгенин айтып президентке кайрылышканын айтат.

“Бийлик түркиялык “Эти Бакыр” компаниясы менен биргеликте Чаткалдагы Терек-Сай кен иштетүүчү ишканасын түзүп, анын 75 пайызын түркиялык компанияга бергенин эмнеге элден жашырган? Бул кен тобуна Терек, Терек-Кан, Ашуу тилкелериндеги алтын бар аймактар кирет. Түрк компаниясы 100 миң тонналык кенди иштете турган фабрика куруп, алтынды флотацион кошулмасы катары өлкөдөн алып чыгат.

Бийликтегилер 2006-жылы ушундай жол менен Талды-Булак кенин өздөштүрүп, "иштетүү үчүн" деп казакстандык компанияга ишкананын 60 пайызын берип коюшкан. Жети жылдан кийин ал компания өз үлүшүн кытайлык компанияга 76 миллион долларга саткан. Кытайлык компания кошулма деген өңүттө алтынды өлкөдөн алып чыгып бүткөнү калды. Эгер бийлик көрсөтүлгөн эки мисалда коррупциялык жол менен кендерди чет өлкөлүк компанияга берип койгон болсо, алар өлкөдөгү 39 кенди да сатканга жетишкен. Биз бир нече ирет президент Сооронбай Жээнбековго жазганбыз. Эмне үчүн ал дале болсо үн катпай, мындай маалыматтарга реакция жасабайт? Же ага мындай каттар жакпайбы?” - дейт Мамбетов.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов, экономикалык маселелер боюнча эксперт Азамат Аттокуров, коомдук-саясий ишмер Максат Мамытканов, Тоо-кен өнөр жайчылар жана геологдор ассоциациясынын мүчөсү Картайбек Муканбетов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан