“Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун” кошо каржылоо тууралуу макулдашуу-каты ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын 26-февралында Бишкек шаарында кол коюлган “Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун” кошо каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 27-июнунда кабыл алган. Мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлигине белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Кыргызстан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоо тапшырмасы берилди. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан