Бүгүн, 16-июлда Жогорку Сотто "ата журтчу" 3 депутаттын иши каралат

Жогорку Сотто бүгүн, 16-июлда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров боюнча биринчи соттук отурум өтөт. Эскерте кетсек, март айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ташиев менен Жапаровду 1,5 жылга, Мамытовду 1 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарса, 17-июнда Бишкек шаардык соту аталган 3 депутатты бардык тагылып жаткан беренелер боюнча актап чыгарган. Экинчи инстанциянын чечимине макул болбогон Башкы прокуратура Жогорку Сотко кайрылган. Соттук отурум саат 11:00дө башталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан