Ноокен районунун тургуну: "Баасы арзан болуп, азыр дыйкандар пахта айдабай калышты"
“Жылдын бул мезгилинде эгин талаалары пахтага толуп турчу, баасы арзан болуп азыр эч
ким пахта айдабай калды”,- деп
билдирди Ноокен районундагы Достук айылынын тургуну 15-июлда аталган айылга иш сапары менен барган вице-премьер-министр
Тайырбек Сарпашевге. Айтымында, учурда пахта, пияз, помидордун баасы арзандап кетти. “Бишкектеги “Дыйкан” базарына барсак
батпайбыз, орун жок. Ошондуктан “Дордой” базарынан
орун алсак жакшы болмок, ушул маселени карап берсеңиз жакшы болмок”,- деди жергиликтүү тургун. Мындан сырткары тургундар чек ара маселесин да чечип берүүнү өтүндү.Айтылган көйгөйлөр боюнча маселелерди чечүүгө жардам берерин айткан
Тайырбек Сарпашев
август айынын ортосунда дыйканчылык
иштери үчүн бул айылга 1 трактор берилерин билдирди.