Жалал-Абад. Көмүскө ишмердүүлүктү жоюу аракеттери көрүлүүдө
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында 284 соода түйүнү, 161 коомдук тамактануучу жай жана 16 базар иштейт. Алардын сапаттуу иштешин жана санитардык-техникалык абалын жакшыртуу аракеттери көрүлүп жатканын шаардык мэрия билдирет. "2013-жылдын 6 айында бул тармактан 2 миллион 83,2 миң сом салык чогултулуп, план 100 пайызга аткарылды",- деп билдирди шаар мэри Мухтар Арапбаев. Мэр шаардыктарга кызмат көрсөтүүнүн деңгээли да жогорулай турганын айтат. “2013-жылы мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмү шаардык салык кызматы менен биргеликте көмүскө ишмердүүлүктү жоюу, шаар боюнча жылына чекене соода көлөмүн кеминде 110 пайызга жогорулатуу боюнча тиешелүү жумуштар аткарылууда”,- дейт Арапбаев.