Бүгүн, 16-июлда депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов боюнча кийинки соттук отурум 23-июлга белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Сотто соттук отурумга төрагалык кылуучу судья Жакып Абдрахманов билдирди. Ошондой эле судья соттук жыйында келтирилген сунуштар канааттандырылганын айтты.