ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Суу районунун Калинин айылындагы жаңы мектеп ишке берилбей жатып тактайлары сынып жатат" дейт окурман

"Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүнүн Калинин айылындагы жаңы салынып жаткан мектеп колдонууга берилбей жатып тактайлары сынып, түшүп жатат". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Айылда мектептин курулушунун башталганына 6 жыл болуп калды. Ал эми акыркы 3 жылдан бери улам жаңырып кирип келген окуу жылында колдонууга берилет деп тил эмизип келишкен. Эми деле курулушу бүтө элек болгондуктан ачыла элек. Курулуш кандай жүрүп жаткандыгынан кабар алуу үчүн баргандар мектептин полу бүтө электе сынып жатканына күбө болдук. Тактай сынып, балдар мектептин пайдубалына түшүп кетүү коркунучу бар. Видеодо көрүнгөндөй, тактайдын бекемдигин текшерем деп жатып, тактай сынып кеткендиктен бир киши түшүп да кетти. Ал эми айылыбыздын окуучулары эски бала бакчанын имаратына тыгылып, 3 нөөмөт менен кезектешип окушат", - дейт окурман.

Кабар жөнөткөн окурман билдиргендей, мектеп курулушу өкмөт тарабынан каржыланган. Анын пикиринде, өкмөт акча бөлгөндөн кийин тиешелүү министрликти аягына чейин көзөмөлдөшү керек эле дейт.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Кара-Сууда 6 жылдан бери ачылбай турган мектептин тактайы чирий баштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ma2as
2018-12-13 18:53:08
Кытайга окшоп , болунгон акчаны оз кызыкчылыгына колдонуп алгандарды каттуу жазалабаса , бул кыргыз эли тойбойбуз. Бир адам жон эле озуно хан сарай кылып алып атат , бир мектепти мамлекет жон эле салат , ортодо жетпеди деп эле жеп койуп атсак .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан