Вице-премьер-министр Аксы, Ала-Бука райондорунун активдери менен жолугушуу өткөрдү

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 16-июлда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы районунда иш сапары менен болду. Аксы районунун борбору Кербен шаарындагы Абдыкерим Алымов атындагы Маданият үйүндө өткөн жолугушууда Жогорку Кеӊешке өкмөт тарабынан сунуштала турган айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Сарпашевдин айтымында, бул мыйзамда өкмөт район башчыларынын ролун жогорулатуу үчүн өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн акимдерге өткөрүп берүүнү максат кылууда. Аталган иш сапар айтылып жаткан мыйзам боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуш-пикирлерин угууга багытталган. Вице-премьер-министрдин пикиринде, бардык маселелер өкмөттүн деӊгээлине чейин көтөрүлүп, аларды чечүүдө район башчылары алсыздык кылып жатат. Долбоор жалпысынан облустун райондорунун активдери тарабынан колдоого алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан