Депутат Талант Мамытов эмне себептен соттук отурумга келбегенин түшүндүрүп берди
Депутат Талант Мамытов бүгүн,
16-июлда маалымат жыйынында эмне себептен соттук отурумга келбегенин
түшүндүрүп берди. “Мен орозо кармап жатам, ал эми соттук отурум өтүп жаткан
залда башка адамдар да болгондуктан, кандайдыр бир уруш чыгып же чагымчыл
иш-аракеттер болбосун деген ойдо сот процессине катышкан жокмун”,- деди эл
өкүлү. Ошондой эле ал эгерде кийинки отурум мыйзам чегинде өтсө гана ага
катышарын билдирди.“23-июлда соттук отурумга судьялар, прокуратура өкүлдөрү,
жактоочулар жана журналисттер гана болсо келем”,- деди ал.