Депутат: "Премьер-министр эмне үчүн министрди иштен алган жок? Бул ишке премьер дагы аралашкан окшойт деген сөз тарап жатат"

Бүгүн, 13-декабрда парламенттик жалпы жыйында депутат Абдывахап Нурбаев эмне үчүн транспорт жана жолдор министрин өкмөт башчы жумуштан албай жатат деген нааразычылыгын айтты.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниядан 50 миң доллар пара алып жаткан учурда УКМК тарабынан колго түшүрүлгөн. Анын жоопкерчилик тартып, Жамшитбек Калилов жумуштан алынышы керектигин билдирди.

"Чет элдик компаниядан 50 миң доллар пара алып жатканда колго түштү. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмне үчүн Калиловду иштен алган жок? Антпесе эл арасында бул ишке премьер дагы аралашкан окшойт деген сөз тарап жатат", - деди эл өкүлү.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
taalay25
2018-12-13 23:20:21
Тергоо буткончо иштен четтетип туруш керек болчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан