Cентябрь айында президент Алмазбек Атамбаев расмий сапары менен Бельгияга барат
16-июлда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
Бельгиянын Кыргызстандагы элчиси Даниель Бертранды анын Кыргызстандагы элчилик кызматынын аякташына байланыштуу кабыл
алды. Жолугушууда Эрлан Абдылдаев бельгиялык дипломатка анын
Кыргызстандагы миссиясы учурунда ийгиликтүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык
билдирди. ТИМдин
басма сөз кызматы билдиргендей, анда 17-18-сентябрь
күндөрү президент
Алмазбек Атамбаевдин Бельгияга болгон расмий иш сапары тууралуу сүйлөшүүлөр
болду. Ошондой эле министр Кыргызстан
Бельгия менен достук мамилелерди тереңдетүүгө чоң маани берерин баса
белгиледи.