Президент прокурордун өлүмү тууралуу: "Шектелген киши менен чогуу жүргөн туура эмес"

Киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыпов"Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча ишти аягына чейин чыгарабыз" деп бүгүн, 19-декабрда маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков айтты.

"Прокурордун өлүмү абдан кайгылуу окуя болду. Баткен облусунун прокурорлугуна кетип жатканда аны мактап, мыкты кызматкер деп жөнөтүшкөн. Бул окуя прокуратурага дагы абдан жаман көө болуп калды. Азыр иликтөө жүрүп жатат. Бул иш менин көзөмөлүмдө. Кийинки жумада башкы прокурордон бул иш боюнча сурайм. Аягына чейин чыгарабыз. Күнөөлүүлөрдүн баарын жоопко тартабыз. Ошол эле учурда прокурордун шектелген киши менен ууга чыгып, чогуу жүргөнү туура эмес. Биягын да караш керек", - деди президент.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Анын өлүмү боюнча эки кылмыш иши ачылып, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.

Президент прокурордун өлүмү тууралуу пикирин айтты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан