Бүгүн, 26-ноябрда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган чиновник Мелис Калыковдун жакындары митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Калыковдун эжеси Дариха Калыкова кабарлады. Анын айтымында, митингге чыккандар Мамажакыпов жана Калыков менен бирге аңчылыкка чыккан прокурорлорго да чара көрүлүүсүн талап кылышууда.
"Азыр Калыковдун жакындары облустук администрациянын алдына чогулдук. Биз иштин акыйкат тергелишин, алар менен аңчылыкка бирге чыккан облустук прокуратуранын кызмат адамдарына да чара көрүлүшүн талап кылып жатабыз. Анткени иним Калыковду кызмат абалынан пайдаланып аңчылыкка алып кетишкен жана тыюу салынган аймакка аңчылыкка чыгып, кызматтык унааны жеке максаттарына пайдаланышкан. Мындан тышкары, кылмыштын алдын алуу аракетин көрүшкөн эмес. Алардын мындай аракетине карата эч кандай кылмыш иши ачылган жок. Эмне үчүн прокурорлорго чара көрүлбөшү керек? Алар дагы суралып, камакка алынышын талап кылабыз", - деди Калыкова.
Облустук милициянын маалыматына караганда, Мамажакыповдун унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынан, жансыз денеси эртеси шаардын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган. Анын өлүмү боюнча эки кылмыш иши ачылып, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.
Окуядан кийин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов облуска барып, Мамажакыповдун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан териштирүү иштерине байланыштуу облус прокурорунун 2 орун басары, 2 бөлүм башчысы жана Баткен райондук прокурорун убактылуу жумушунан алган.
Буга чейин маалым болгондой, Мамажакыпов, Калыков облустагы прокуратуранын 4 кызмат адамы менен 17-ноябрь күнү аңчылыкка чыгышканы кабарланган.