Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков баш сөөккө атып өлтүргөн. Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев 29-ноябрда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, экөө аңчылыктан келе жатып пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен.
"Мамажакыповдун өлүмү боюнча Башкы прокуратурага маалымат түшөрү менен жумушчу топ түзүп, Баткен облусуна бардык. Башкы прокурор жумушчу топтун жыйынында Мамажакыпов жана Калыков менен аңчылыкка бирге чыккан облус прокурорунун эки орун басарын, эки бөлүм башчысын жана Баткен районунун прокурорун тергөө бүткөнгө чейинки убакытка жумуштан бошоткон. Ошол учурда кылмыш иш окулуп чыгып, объективдүү тергөө жүргүзүүгө жазуу түрүндө көрсөтмө берилген.
Кылмыш ишине шектүү катары кармалган Калыков көрсөтмө берген. Анын айткандарына караганда, экөө аңчылыктан келатып уруша кетишкен. Кийин унаасын токтотуп коюп жерге түшүп мушташышкан. Андан кийин Калыков Мамажакыповдун баш сөөгүнө кокустуктан мылтыгы менен атып жиберген. Коркконунан улам ошол жерде тамеки чегип жатып өзүнүн курткасын күйгүзүп алган. Күйүп жаткан курткасын Мамажакыповдун жанына таштап коюп, андагы өрт Мамажакыповго өтүп, денесинин 80 пайызы күйүп калган. Ошол учурда мас абалында болгонун айткан. Анын көрсөтмөсүнөн сырткары бир топ далил заттар алынган, күбөлөрдүн көрсөтмөсү бар. Ошондуктан Калыковдун күнөөсү толугу менен далилденген", - деди Бейшекеев.
Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.
Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.