ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ-2018: Сүйлөй коюп мактоо алган жана сынга кабылган саясатчылар

Узап бара жаткан 2018-жылда саясий окуялар көп болду. Январь айындагы Бишкек ЖЭБиндеги авария өкмөттүн алмашуусуна андан кийин бир катар саясатчыларга карата кылмыш ишинин козголушуна себеп болгону маалым. Бийлик өкүлдөрүнө, саясатчыларга байланыштуу кылмыш иштери соттордун ишин коомчулукка көрсөтүп жатты. Чиновниктердин 2018-жыл ичинде орун алган окуялар тууралуу айткан пикирлер топтомун сунуштайбыз.

5-ЯНВАРЬ

Мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов "чоңдорго" чапан жапканды токтотуу боюнча кайрылуу жасаган. Буга маданият мекемелеринин биринин жетекчилери Жаңы жыл майрамы менен куттуктап келип, анын үстүнө чапан жапканы себеп болгону айтылган. Маркум Султан Жумагулов "Кесир болбосун, бирок "чоңдорго" чапан жапкан адаттан арылалы. Мындай Бакай калпак менен кементайды карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти, а сиздер айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле деп өкмөттүн каалгаларын кагып келесиздер. Биз, маданият өкүлдөрү башкаларга үлгү болушубуз керек да. Мага кийит менен эмес, системди жөнгө салуу тууралуу алгылыктуу идеялар менен келүүңүздөрдү суранам” деген.

1-ФЕВРАЛЬ

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев маршруттук такси менен келип, Жогорку Кеңешке жөө басып кирген депутаттардан уяларын айткан. Атүгүл, аларды көргөндө, өз унаасында жанынан өтүп бара жатканда баш кийимин көзүнө чейин түшүрүп, Ак Үйгө кирерин кошумчалаган.

8-ФЕВРАЛЬ

Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, кылмышкерлер сот, прокуратура жана укук коргоо органдары аркылуу жазадан бошотулуп жатканын айткан. Ошону менен бирге соттордун чечимдерине нааразы болгондор көп экенин айтып, бул маселеге президент өзү кийлигише турганын баса белгилеген.

19-АПРЕЛЬ

Сапар Исаков премьер-министр кызматынан кеткенден кийин телеканалдардын бирине маек берип жатып депутаттарды "саясий өлүк" деп атаган. Экс-премьердин бул сөзү боюнча парламент жыйынында бир катар депутаттар нааразычылыгын айтып, төрага Сапар Исаковдун айтканы текшериле турганын да билдирген. Бул боюнча Сапар Исаков өзү "Биз парламентке отчетту тапшырып жатканда сегиз комитет колдогон. Башкаруучу коалициянын курамына кирген эки партия дагы колдоп, бир күндөн кийин эле позициясы өзгөрүп кеткенине өзүмдүн баамды бердим. Менин жообум ушундай", - деген.

19-АПРЕЛЬ

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов "Ош базарында" товарлары менен кошо соода орундары өрттөнүп кеткен жарандарды кабыл алган соң "Ош базарына" барган. Албек Ибраимов базарда жабыр тарткан сатуучулар менен жолугуп, аларга тез арада маселени чечип берерин айткан. Ошону менен бирге эч ким тааныбагандай кийинип эл аралагандыктан, мэрия тараптан берилген тапшырмалар кандай аткарылып жатканынан кабардар экенин билдирген.

20-АПРЕЛЬ

Сапар Исаковдун өкмөтү отсавкага кеткенден кийин Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өкмөттүн курамы бекитилген. Жогорку Кеңеш жыйынында Рыскелди Момбеков "Эркелеп кеткен өкмөт эртелеп кетет экен, аны тарых көргөздү. Эми келе элек өкмөттүн бере элек чайына ийгилик каалайм. Балдардын өкмөтү бат эле кетип, чапанын сүйрөгөн чалдар өкмөтү келиптир", - деген.

3-МАЙ

Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин ЖЭБди модернизациялоого катыштыгы бар бардык чиновниктердин аты аталып башталган. Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия түзүлгөн эле. ЖЭБди модернизациялоо боюнча кредиттик келишим түзүү иштерине катышкан 2013-2014-жылдардагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев “Кайнене саймачы, болсо келинин да саймачы деп ойлойт” деген сөз бар. Парламентке келген депутаттардын көпчүлүгү бизнестен келген балдар. Алар иштерин ар кандай жолдор менен бүтүрүп көнгөн. Базардан келгендер баарын өзүндөй ойлой берет экен" деп маек берген. Бул боюнча парламент жыйынында депутаттар нааразычылык айтып чыгышкан.

7-АВГУСТ

Бишкектин мэрлерине карата кылмыш ишинин козголушу салтка айланып жаткан учурда мэрди шайлаган шаардык кеңештин депутаттарынын жоопкерчилиги тууралуу пикирин айтып жатып Аида Салянова "Негизи депуттардын жоопкерчилиги жөнүндө алар кандайдыр бир чечим кабыл алганда эмес, алар шайланып жатканда ойлонсок жакшы болмок" деген.

22-АВГУСТ

Курман айт күнү Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов эл алдында куттуктоо сөзүн жыйынтыктап жатып "Курман айтыңыз… Курман ыраазы болсун, кабыл болсун. Айтыңар маарек болсун! Рахмат" дегени ,- дегени талкууга түшкөң. Ага чейин мэрдин кыргыз тили боюнча сынак тапшырып жатканда кетирген катачылыктары да талкууга алынган эле. Жогорку Кеңештин жыйынында мэрдин ишин сынга алган депутат Рыскелди Момбеков "Курман ыраазы болсун, сенкью вери мач" дегени да бар.

19-НОЯБРЬ

Экс-президент, КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча кенен маек берип, коррупциялык иштер, 2017-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу пикирин билдирген. Сооронбай Жээнбековдун "КСДПнын Оштогу рейтинги нөл болуп турганда биз түйүндөрдү ачып партиянын аброю кыска убакытта жогорулады" дегени боюнча Алмазбек Атамбаев "Жээнбековго чейин эле биздин партияда рейтинги жогору адамдар бар эле. Шайлоо болгон 2017-жылы анын рейтинги 3 пайыз болчу. Ал бизге кандай рейтинг кошо алмак?", - деп жооп берген.

21-НОЯБРЬ

Саясатчы Адахан Мадумаров маалымат жыйын учурунда өлкө президенттеринин баары даярданып, такшалып келбей, сүйрөлүп келгени үчүн өнүгүү болбой жатат деген пикирин айткан. Ал өз сөзүндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбеков тууралуу айтып жатып "мен аны сүйрөп келдим" деген сөзүн мисал келтирген. "1991-жылы Аскар Акаевди сүйрөп келишти. Ал киши "мен парашюттан түшүп калдым, даяр эмес болчумун" деди. Кийин Курманбек Салиевич "мен тамак ичип отурсам эле "жүрүңүз" деп алып келип, отуругузушуп коюшту" деген. Роза Отунбаева "жалаң эркектер бар экен, жалгыз сиз аял экенсиз" деп мени коюшту" деди. Кийин Алмазбек Атамбаев "каражат керек болуп жатат, сизде бар экен" деп мага токтолушту" деди. Азыркы президент "менин президент эмес, өкмөт башчы болуу тушүмө кирген эмес" деген. Ал эми кичинесинен даярданып, кээде жаңылышкандар, такшалгандарды эмнеге койбой жатабыз. Анткени сүйрөп келе жатабыз да", - деген Адахан Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан