КҮНСЕРЕП: Текебаев менен Мадумаровду кайраштыруу кимге керек?

Бүгүн, 9-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан кайра абакка которулду.

Ал эми интернет айдыңында Өмүрбек Текебаев менен Адахан Мадумаровду кайраштыруу аракети жүрүүдө. Интернетке 2 лидердин 3 жыл мурунку теледебаттагы айтыштарынын курч учурлары кесилип даярдалган видеолор тарады.

2015-жылы парламенттик шайлоонун алдында Текебаев менен Мадумаров дебатта саясий атаандаш катары бири-бирин сындап, сөз талашкан. Текебаев 2010-жылкы Конституция өз миссиясын аткарып жатат десе, Мадумаров Текебаев башында туруп жазылган бул Конституция өлкөнү туӊгуюкка алып барат деп күнөөлөгөн. Жакында Мадумаров 60 жашка чыккан Өмүрбек Текебаевди юбилейи менен куттуктап, аны өлкөдөгү мыкты 5 саясатчынын бири деп атады. "Мен үчүн сабатсыз доско караганда сабаттуу кайчылаш пикирдеги адам кымбат", - деген Мадумаров Текебаевдин принципке бекемдигин, көпчүлүк саясатчылардан айырмаланып өз оюн дайым эркин айта аларын баса белгиледи. Интернетке тараган тасма Текебаев менен Мадумаровдун биригип кетишинин алдын алуу амалы экени байкалат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келүү үчүн саясий майданды тазалап, оппозициянын мизин кайтарды. Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев өӊдүү саясатчыларды соттоп-камап, КСДПнын талапкерине даӊгыр жол салып берди. Бирок оппозициялык талаа көпкө бош жаткан жок, майданга кайрадан тажрыйбалуу саясатчы Адахан Мадумаров чыкты. Көпчүлүктөн бекем позициясы менен айырмаланган саясатчы акыркы учурларда кескин жанданып, бийликтин катачылыктарын ачык сындап келе жатат. Ал эми Өмүрбек Текебаевди коомчулук саясий туткун деп санап, анын эркиндикке чыгышын күткөндөр көп. Мурдагы бийликтин тушунда камалган Текебаев жаӊы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда деле акталып кеткен жок. Атүгүл ага ачылган кылмыш ишин кайра кароого мүмкүндүк берилбей жатат. Ушундан улам азыркы бийликке нааразылардын катары калыӊдап баратат. Бардык учурда оппозициялык күчтөрдүн биригип кетишине бийлик ачык да, тымызын да бут тосууларды жасап келет.

Эч бир бийликке күчтүү сынчы, элди ээрчитип кетүүгө жөндөмдүү күч жаккан эмес. Андыктан Текебаев менен Мадумаровдун эски кайым айтышуусун кайрадан элдин эсине салып, 2 лидерди, алардын колдоочуларын эки жээкте кармоо аракетинин көшөгө артындагы оюнчусу азыркы бийлик деп жоромолдоого болот...

Өкмөттүн кызматтык дайындоолору элде нааразычылык жаратууда.

Мисалы, ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаровдун "Манас" аэропортунун авиациялык коопсуздук жана тартип дирекциясынын башчысы болуп дайындалышы. Данияр Абдыкаров артынан көп сөз ээрчип, коомчулукта такай сындалып жүргөн эски кадрлардын бири. Ал Кыргыз өлкөсү эгемендик алган алгачкы жылдарынан тарта ички иштер органдарында иштеп жүрүп, 2016-жылы ал кездеги премьер Темир Сариевдин буйругу менен ИИМ жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. Бул дайындоо да сын-пикир менен коштолгон. Ал кездеги парламент депутаты Мээрбек Мискенбаев өкмөт башчысын "7-Апрель окуясына күнөөлүү адамды министрдин орун басары кылды" деп сындап чыккан. "Абдыкаров убагында Бакиевдин криминал аралашкан бийлигин колдоп, Таластагы баш аламандыкты күчөтүп, Талас райондук милициясынын имаратынын өрттөнүп кетишине жол берген адамдардын бири. Анын орду кызматта эмес, түрмөдө болчу", - деген Мискенбаев. Былтыр сайттардын бирине Орусиядан уурдалган 45тен ашык унаанын Кыргыз жеринен табылышына "министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун жана анын кол алдындагылардын катыштыгы бар" деген маалымат тарап, бирок ИИМ бул маалыматты четке каккан. 2018-жылы Абдыкаров эмгек өргүүсүнө чыккан соң министрден уруксат кагазын албай туруп чет өлкөгө эс алууга чыгып кеткени талкууга түшүп, көп өтпөй чиновник кызматтан алынган. Жакында транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп Жеӊишбек Ногойбаев дайындалды. Ногойбаев 2015-жылы "Бишкек автовокзал" мамлекеттик ишканасын жетектеп турганда ишиндеги кемчиликтери үчүн сөгүш алган адам. Мындай мисалдарды дагы улантууга болот. Азыркы бийлик деле кадр тандоодо репутациясына, кесипкөйлүгүнө эмес, эскиче "сөзгө келет, биздин айткандан чыкпайт" дегенге көбүрөөк басым жасап жаткандай таасир калтырууда...

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл 1-январда күчүнө кирген жаңы кодекстердин иштеши боюнча жыйын өткөрдү. Ал коомду тазалыкка тарбиялоо керектигин айтып, бирок түкүрүккө 5500 сом айып салуу нормасын кайра карап чыгуу керектигин билдирди. Ошондой эле жаӊы кодекстердин маӊызын элге түшүндүрүү, айыптарды өндүрүүнүн так механизмин иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Өкмөттө мындай өзгөрүүлөр 2019-жылдын январынан күчүнө кирери белгилүү болчу. Ушунча убакыттан бери ойлонулуп, жолго коюлбаган нормаларды, эми, мыйзам күчүнө кирген соң, коомчулук тарабынан толтура сындар айтылган соң гана ойлоно башташты. Буга чейин ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү сыяктуу чуулгандуу окуяларда да премьер-министр үн дебей, коомдо сын күч алган соӊ ал теманы өкмөттө жыйын өткөрүп талкуулоого мажбур болгон. Ал эми түкүрүккө 5500 сом айып салуу нормасы каралган жаӊы кодекстер мындан 2 жыл мурун кабыл алынган. Жаӊы кодекстердин маӊызы да элге эбак түшүндүрүлүүгө тийиш болчу. Өкмөттүн жана Жогорку Кеӊештин жыйындарында чиновниктер баары жакшы деп көӊүл жубатып жүргөнү менен, иш жүзүндө жаӊы өзгөртүүлөргө эл дагы, Абылгазиевдин командасы дагы даяр эмес болуп чыкты. Мындай окуялар абылгазиевдик өкмөт арабаны аттын алдына чегип алып бараткандай таасир калтырууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан