ЭЛДИК КАБАР: "3 жаштагы уулум камераны өзү күйгүзүп, ырдап видеого тартат" дейт окурман

Кичинекей Аян 3 жашта. Ал телефондун камерасын өзү күйгүзүп, ырдап видеого тартат. Мындай маалыматты Аяндын апасы "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирип, видеосун жөнөттү.

"Уулум камераны өзү коёт, андан кийин ырдайт, тили да так чыга элек. Эмне жөнүндө ырдаганы белгисиз. Башында кичүү кызыбыз Айзананын атын айтып ырдады. Кызыбызга уктачы деп ырдап калганыбызды укса керек", - дейт Аяндын апасы. Маалыматтарга караганда, Аяндын атасы да ырдайт, ал эми апасы хореограф.

Кичинекей блоггердин жүрөк эзилткен видеосун төмөндөн көрүңүздөр.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

3 жаштагы блоггер наристе
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
General.kg
2019-01-10 14:39:08
Өмүрүн узаак кылып АЛЛАХЫМ бактылуу жашоо берсин!
+2
kirgizstan
2019-01-10 14:43:23
пасиба паатсиба мммммах көз тийбесин
+1
Skarlett-Skarlett
2019-01-10 15:32:03
Иий шириним десе.Наристелердин бактылуу ундору жаныра берсин!
+1
nur4607
2019-01-10 21:49:33
Бул Бектур Шаршеналиевтин баласы, алма сабагынан алыс тушпойт, деген туура кеп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан