"Ош облустук ооруканасында дарыгерлерге көрүнүү үчүн талон сатып алып, сааттап күтөсүң. Айрым учурда келбей да коюшат", - дейт "ЭЛДИК КАБАРГА" маалыматын жөнөткөн окурман.
"Дарыгерлердин жоопкерчиликсиздиги качан жоюлат? Ош облустук ооруканасына барганда дарыгерге көрүнүү үчүн кезекке турууга 33 сомго талон сатып аласың. Мисалы, мен 3 жаштагы буту баспаган оорукчан бала менен барып, дарыгерге кеззекке туруу үчүн талон сатып алдым. Менден башка кыйкырып, ызы-чуу түшкөн ооруп жаткан балдары менен келгендер толтура. Ооз жакта буту-колум деп кары-картаңдар да турат. Врачтар болсо жок. Жумуш убактысы 08:00, 8:30да эле башталат деп жазылып турат. Ошентип оорукчан бала менен 3 саат күттүк. Күткөн дарыгерибиз келбей койду. Биз талондун акчасын бергиле деп кайтарып алып, кетип калдык. Ал эми күткөн кезеги келбей калып, эртеси кайра келип башка талон сатып алгандар канча? Биз алыскы райондордон келебиз. Алыстан келип-кеткенге дагы акча-тыйын кетет. Кабылдоо бөлмөсүндө отургандар да бейтаптарга орой мамиле кылып, кагып-силкип жооп беришет", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.