Бишкек шаарынын тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлө турганы айтылууда. Буга маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире баасын көтөрүүнү талап кылышканы себеп болду. Эми коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү каралат. Тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү өнөкөткө айланды. SUPER.KG порталынын "Бийликте башка жол жокпу?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жооп берди.
Ал жол акыны жогорулатуу боюнча терең изилдөө керектигин белгиледи.
"Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жол акысы көп жылдан бери көтөрүлгөн эмес. Бул нерсени шаардык кеңеш карап чыгышы керек. Элдин кирешелери реалдуу көтөрүлгөндөн кийин бул маселени кароо шарт. Муниципалдык транспорттун саны көбөйгөндөн кийин жол акыны көтөрүү маселесин көтөрсө болот. Элде тандоо болушу керек. Коомдук автобус, троллейбустардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондон кийин гана маселени караш керек. Маршруттук таксилерге талаптар коюлушу шарт. Автоунаанын чыккан жылы, жайлуулугу каралышы абзел. Элдин ден соолугуна зыянын тийгизген, жол эрежесин бузгандарды четтетиш керек. Жол акыны кымбаттатуу маселесин кылдаттык менен кароо шарт. Мэриянын ишке аша элек, коомдо талкуулана элек маселени маалымат каражаттарына жайылтканы чоң ката. Терең изилдөөсү жок, алдын ала айтылган нерсе элди ар кандай ойго алып келет. Биринчи коомдук талкуу жүрүп, шаардык кеңеште каралганда айтылышы керек эле", - дейт Жээнчороев.
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экономист Улук Кыдырбаев, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Айбек Мырзанын жообу бул шилтемеде.