Бишкек шаарынын тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлө турганы айтылууда. Буга маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире баасын көтөрүүнү талап кылышканы себеп болду. Эми коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү каралат. Тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү өнөкөткө айланды.
SUPER.KG порталынын "Бийликте башка жол жокпу?" деген соболуна Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев жооп берди. Ал маршруттук транспорттордо шарт түзүлбөй туруп тарифти көтөргөн туура эмес деген пикирде.
"Биринчи кезекте коомдук транспорттун системин оңдоп, андан кийин тарифти көтөрүү маселеси каралышы керек. Буга чейин деле бул боюнча маселе көтөрүп келгем. Жаңы автобустарды алып келип, элге шарт түзүп беришибиз керек. Ошол эле коомдук транспорттун муниципалитеттен тышкары дагы шаар боюнча менчик транспорттор жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө алар келишими, макулдашуусу жок 4 жылдан бери мыйзамсыз иштеп жатышат. Бул боюнча атайын комиссия болуп, тендер өтүшү зарыл. Эгерде алар кышында суукта же башка кырдаалда жумушка чыгышпаса айып пул төлөөсү шарт. Бүгүнкү күндө муниципалитет менен компаниянын ортосунда келишим жок болгондуктан биз алар жумушка чыкпай койсо эч нерсе кыла албайбыз. Алардан ыңгайлуу, эски эмес, жылы жаңы маршруттук таксилер элди ташуусун талап кылышыбыз зарыл. Ошондон кийин гана жол акыны көтөрүү жөнүндө маселени караса болот. Мен жол акыны көтөргөнгө каршымын. Шаардык кеңештин биринчи сессиясында ушул маселени көтөрүп чыгам", - деди Мүзүралиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Махабат Мавлянова, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экономист Улук Кыдырбаев, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Айбек Мырзанын жообу бул шилтемеде.