Укук коргоочу Калича Өмүралиева: "Маршруттук транспорттордун жол акысы эмнеге көтөрүлө турганы ачык-айкын болушу керек"

Бишкек шаарынын тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлө турганы айтылууда. Буга маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире баасын көтөрүүнү талап кылышканы себеп болду. Эми коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү каралат. Тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү өнөкөткө айланды.

SUPER.KG порталынын "Бийликте башка жол жокпу?" деген соболуна укук коргоочу Калича Өмүралиева жооп берди. Ал жол акысы көтөрүлсө айдоочулардын шаар тургундарына жасаган мамилеси өзгөрөбү деген суроо пайда боло турганын айтты.

"Коомдук транспорттордун жол акысын көтөрүү маселеси пайда болду. Анын объективдүү шарттары бар. Бирок бизде "жол кире эмнеге көтөрүлүп жатат?" деген маалымат жок. Эмне себептен жол акысы көтөрүлүп жатканын элге түшүндүрүшү шарт. Жол акы жогоруласа айдоочулардын бизге жасаган мамилеси, сапаттары көтөрүлөбү? Бул боюнча эч нерсе билбейбиз. Бааны көтөрөбүз деп эле коюшат, болду. Маршруттук транспорттордун жол акысы эмнеге көтөрүлө турганы ачык-айкын болушу керек", - деди Өмүралиева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Махабат Мавлянова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев, экономист Улук Кыдырбаев, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Айбек Мырзанын жообу бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан