Бишкек шаарынын тургундарын ташыган маршруттук транспорттордун жол акысы көтөрүлө турганы айтылууда. Буга маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире баасын көтөрүүнү талап кылышканы себеп болду. Эми коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү каралат. Тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү өнөкөткө айланды.
SUPER.KG порталынын "Бийликте башка жол жокпу?" деген соболуна экономист Улук Кыдырбаев жооп берди.
Ал Бишкекте коомдук транспорттун жол акысын көтөрүү үчүн алгач экономикалык анализ жүргүзүлүшү керек экенин айтты.
"Маршруттук каттамдын айдоочулары жеке кызмат көрсөтүп жатышат. Бишкек шаарынын мэриясы коомдук транспортторду сынак аркылуу кабыл алып, анын баасын да бекитип берет. Ал эми учурда маршруттук каттамдын айдоочулары аталган мэриядан "төлөмдөрдүн баасын көтөрүп бергиле" деп кайрылып жатышат. Башында 8 сом, андан кийин 10 сом болду, мындай сумма каяктан чыккан? Бул жакта экономикалык анализди эч ким жүргүзө элек. Бир кызмат көрсөтүүнүн алдында өзүнүн баасын таап, анын үстүнө өзүбүздүн пайдабызды кошобуз да. Ашыкча адам салып алган маршруттук таксилерге 3 миң сомдон айып пул салынат деп жатышат. Анда өнүккөн мамлекеттердин коомдук унаасындай орундуктарды гана толтуруп, элди ташуу керек. Ал үчүн ошого жараша баасы болушу шарт. Коомдук унааларга талапты жогорулаткандан кийин мэрия шарт түзүп бериши абзел. Кээ бир көчөлөрдө 40-50дөй кичи автобустардын кетип бара жатканын көрөсүң. Алардын ортосунда атаандаштык болуп эрежелер да бузулуп жатат. Транспорт министрлиги жана Бишкек мэриясы биргеликте маршруттук жүрүү каттамын кайсы жакка канча коомдук унаа жүрүшү керектигин алдын-ала изилдеп чыгышы зарыл. Чындыгында мамлекет тиешелүү шарт түзбөй туруп эле тейлөө, айып пулдарды кымбаттата берүү туура эмес. Коомдук транспорт ээлери да биздин жарандарыбыз, душманыбыз эмес. Алар да үй-бүлөсүн багышы керек. Ошол эле учурда жүргүнчүлөрдүн чөнтөгү менен да эсептешүү зарыл. Эгерде маршруттук таксилердин айдоочулары иштебей коюшса, шаар тургундары кыйналат. Ал эми бийлик бир нерсе кыла алабы? Кыла албайт. Жүргүнчүлөрдү камсыздай турган бизде мамлекеттик автобус да, троллейбус да жок", - деди Кыдырбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчороев, Махабат Мавлянова, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев, коомдук ишмер Эмил Үмөталиев, укук коргоочуКалича Өмүралиева, журналист Турат Акимов жана жарандык активист Айбек Мырзанынжообу бул шилтемеде.