Саясат таануучу Эмилбек Жороев: "Президенттин өкмөттүн ишине канааттанбай жатканы билинбей жатат"

2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна саясат таануучу Эмилбек Жороев жооп берди.

Анын пикиринде, 2019-жылы парламенттик шайлоого карата бир топ өзгөрүүлөр болот.

“Президент быйыл идеологиялык жактан жаңы пландарды көп деле угузган жок. Негизги умтулуу, аракеттер азыр да коррупцияга каршы күрөштө болуп турат. Ошол уланчудай. Жаңы идеялар элге сунушталса жакшы болмок. Экономикада, эл аралык саясатта күтүлбөгөн нерселер болуп кетет деп айтуу кыйын. Албетте, саясий өңүттөн караганда “жаз сезону”, “күз сезону” башкача болушу мүмкүн. 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдык, саясий бөлүнүүлөр, биригүүлөр ишке ашат. Бирок анда президенттин орду канчалык экенин айтуу кыйын. Ал эми өкмөттүн отставкага кетишине азырынча түздөн-түз түрткү жок. Президенттин өкмөттүн ишине канааттанбай жатканы билинбейт. Өкмөткө кескин түрдө нааразычылык болсо, анда алардын жоопкерчилигин карап, курамын өзгөртүп коюу оңой эле”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Эмил Токтошев, Марлен Маматалиев, Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Игорь Шестаков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан