Депутат Марлен Маматалиев: "Өлкө башчы быйыл аймактарды санариптештирүү иштерине басым жасайт"

2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жооп берди.

Эл өкүлү президент Сооронбай Жээнбеков быйыл региондорду өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурарын айтты.

“Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланды. Өлкө башчынын бул багыты туура деп ойлойм. Анткени санариптик технологияларды колдонуу аркылуу коррупция менен күрөшүү боюнча көптөгөн механизмдер жокко чыгарылат. Кыргыз мамлекетинин 60-70 пайызын аймактар түзөт. Алардын жашоо-турмушу жакшырса, өлкөнүн экономикалык абалы оңолот. Ошондой эле калкты тейлөөнүн бардыгын электрондук тармакка өткөрсөк, биздин жарандарыбызга жеңилдиктерди алып келет.

Азыр ар бир министрликте каалайбызбы, каалабайбызбы советтик маалдагы, ХХ кылымдагы иш жүргүзүү калып калган. Анын баарын 21-кылымга байланыштырып санариптик технологияны колдонсок, бул биздин өлкөдөгү чоң реформалардын бири болуп саналат. Ал эми республикалык бюджеттен аймактарды өнүктүрүүгө каражаттарды көбүрөөк бөлүшүбүз керек. Тилекке каршы, учурда шаардын борборлору менен эле токтоп калуудабыз. Быйыл өлкө башчы ушул иштерди жасоого көбүрөөк басым жасайт деп ойлойм”, - деди Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Эмил Токтошев, Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, саясат таануучулар Эмилбек Жороев, Орозбек Молдалиев, Игорь Шестаков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан