2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.
SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков жооп берди.
Ал 2019-жылы өлкөдө жана президенттин айланасында кандай саясий окуялар болушу мүмкүн экенин айтып берди.
"2019-жыл президент Жээнбеков үчүн оор болот. Оппозиция жанданып, коомдук нааразычылык күчөйт. Тоо-кен тармагы, Кытай маселеси активдешет. Өкмөт отставкага кетиши мүмкүн, ошондой эле Жогорку Кеңештин тарап кетиши да күтүлүүдө. Экономика начарлап, инвестиция азаят, мындан улам митингдер, нааразычылыктар күчөйт. Ушул нерселердин баары менен президент күрөшүүгө, чечүүгө, сүйлөшүүгө туура келет. Коомдук, саясий басымдын негизинде бийлик кээ бир реформаларга, кадрдык өзгөрүүлөргө барууга мажбур болот. Негизги багыт - бюджетке каражат, экономикага инвестиция издөө жана коом талап кылган өзгөрүүлөрдү жасоодо болот", - дейт Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Эмил Токтошев, Марлен Маматалиев, Рыскелди Момбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, саясат таануучулар Эмилбек Жороев, Орозбек Молдалиев, Игорь Шестаков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.