2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.
SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна жарандык активист Адил Турдукулов жооп берди.
Ал бийлик 2018-жылы ишенимди актай албаганын айтты.
“2018-жыл экономикалык жактан жакшы жыл болгон жок деп ойлойм. Себеби Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча Кыргыз өлкөсү артта калды. Бул абдан жаман тенденция. Мурдагы жылы эл бийликтен алгылыктуу иштерди, идеяларды күтүп жаткан. Бирок андай болбогондуктан өкмөткө жана алардын демилгелерине карата нааразычылыктар өсүп жатат. Мисалы, жаңы кодекстер, коомдук транспорттун баасы, Кытай маселеси анын далили. Менимче, президент өкмөттү алмаштырышы керек. Өкмөт болсо коалициялык негизде түзүлүшү зарыл деген ойдомун. Бирок жаңы өкмөт түзүлүп, бирок бийлик бутактарындагы тең салмактуулук сакталбаса, коррупциялык системдер азыркыдай болуп кала берсе, эч нерсени өзгөртпөйт деп ойлойм”, - дейт ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Эмил Токтошев, Марлен Маматалиев, Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, мурдагы элчи Кылычбек Султан, экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, саясат таануучулар Орозбек Молдалиев, Игорь Шестаков, Эмилбек Жороев жана жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.