Бүгүн, 15-январда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыздын Орусия, АКШ, Кытай жана Түштүк Кореядагы элчилерине талапкерлерди карайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жасайт.
Буга чейин белгилүү болгондой, Болот Отунбаев Кыргыз мамлекетинин АКШдагы элчилигине көрсөтүлүп жатат. Анын ордуна, Кыргыздын Орусиядагы элчиси кызматына Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлиги сунушталган.
Кыргыздын Кытайдагы элчиси кызматына Канайым Бактыгулованын талапкерлиги көрсөтүлсө, Түштүк Кореядагы элчилик кызматына Динара Кемелованын талапкерлиги сунуш кылынган.