Бүгүн, 15-январда Бишкекте өткөн жылы ноябрь айында болгон курултайдын чечимдерин аткаруу максатында Конституциялык реформа боюнча элдик демилге менен даярдалган мыйзам долбоорунун бет ачарына арналган конференция өтүүдө.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер жана саясатчылар катышууда.
"24-ноябрда өткөн курултайдан кийин өзгөрүү болот деп күткөнбүз. Бирок андай болгон жок, эч нерсе өзгөрүлгөн жок. Реформа өткөрүү боюнча мыйзам жазып жатабыз. 10 миң кол топтоп реформа өткөрүшүбүз керек. Ар кимибиз ар кандай бийликти каалайбыз, ошол себептен биз биригишибиз керек. Биригүү жолу менен компромисске баруу керек. Конституция 11 жолу өзгөргөн, анын тогузун президенттер өзгөрткөн. Президенттер каалагандай өзгөртүп, мыйзам, укуктар менен ойногон", - деди Азимбек Бекназаров.