Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчи кызматына Динара Кемелованын талапкерлигин карады.
Депутат Абдывахап Нурбаев Кыргыз Түштүк Кореядагы элчи кызматына талапкер Кемеловадан инвестиция тартуу боюнча кандай иштерди аткара турганын сурады.
"Түштүк Корея экономикасы боюнча эң алдыңкы мамлекеттердин катарына кирет. Бирок алардын инвесторлору Кыргыз мамлекетине келбейт. Өзбекстан инвестиция тартуу боюнча жакшы иштеп жатат", - деди Нурбаев.
Динара Кемелова инвестиция тартуу үчүн Түштүк Кореянын потенциалы чоң экенин белгиледи. "1990-жылдары инвесторлор Кыргыз өлкөсүнө келишкен. Биз тараптагылар тарабынан алдап кеткен фактылар бар. Мындам улам инвесторлор келбей калган болушу мүмкүн. Өкмөт инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүп жатат", - деди Кемелова.
Депутат өкмөт инвестиция тартуу боюнча начар иштеп жатканын билдирди. Ошону менен катар эле эл өкүлү Түштүк Кореядагы кыргыз студенттерине көңүл буруу керектигин айтты.
Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыздын Түштүк Кореядагы элчи кызматына Динара Кемелованын талапкерлигин жактырды.