Өткөн жылдын ноябрь айында болгон саясий күчтөрдүн курултайынын уюштуруучулары бүгүн Бишкекте жыйын өткөрүп жатышат. Анын жүрүшүндө мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров Конституция 11 жолу өзгөртүүгө дуушар болгонун белгилеп, "азыркы Конституция - эң начар Конституция" деп билдирди.
Бул боюнча коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков "Азыркы Конституцияга азбы-көппү тиешем бар, ал жакпайт дегенге кошулбайм", - деди.
"Эмнеси жакпайт, кайсы жери туура эмес? Элди парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттикпи деп кыйнай берген болбойт. Сабырдуулук кылып, жакшылап ойлонолу", - деди Кадырбеков.