2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоого даярдык эмитен башталганы да байкалууда. Бүгүнкү күндө парламенттин иши сынга алынып, күчү жок деп, аны менен катар оппозиция да жок экени айтылып келет. Парламенттик шайлоо алдында саясий биригүүлөр болору бышык. Оппозициялык күчтөр шайлоо алдында бириге алабы же жокпу азырынча белгисиз.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоо алдында оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүнбү? Түзүлсө ал кимдерден турушу керек?" деген соболуна Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов жооп берди.
Ал оппозициялык партияда ким каларын билерин, бирок күн мурунтан айтуу этикага сыйбай турганын айтты.
“Эгер парламенттин алкагынан алып карап көрсөк, парламенттик шайлоодон кийин парламентке өткөн партиялар адатта көпчүлүк коалицияга кирген фракциялар бийлик тарап болуп калат. Ал эми көпчүлүк коалицияга кирбей калган партиялар оппозициялык фракция болуп эсептелинет. Коомдо башка көз караштагы адамдарды оппозиция деп коёт. Андай адамдар пайда болушу мүмкүн. Бирок алар бул же башка партия болуп күн мурунтан оппозиция же пропозиция болуп бөлүнүшү кыйын.
Азыркы парламенттеги партиялар жана парламентке кирбей калган партиялар да бар. Оппозициялык партияда ким каларын мен билем. Бирок күн мурунтан аны айтып коюу этикага сыйбайт”, - дейт Курманбек Осмонов.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, укук коргоочу Рита Карасартова жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.