2020-жылы Кыргыз өлкөсүндө парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоого даярдык эмитен башталганы да байкалууда. Бүгүнкү күндө парламенттин иши сынга алынып, күчү жок деп, аны менен катар оппозиция да жок экени айтылып келет. Парламенттик шайлоо алдында саясий биригүүлөр болору бышык. Оппозициялык күчтөр шайлоо алдында бириге алабы же жокпу, азырынча белгисиз.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Парламенттик шайлоо алдында оппозициялык альянс түзүлүшү мүмкүнбү? Түзүлсө ал кимдерден турушу керек?" деген соболуна саясий ишмер Азимбек Бекназаров жооп берди.
Ал КСДП партиясы оппозициялык партия катары сакталып кала турганын айтты.
“Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиясы сөзсүз түрдө оппозициялык партия катары сакталып калат. Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен чыгат. Эгер биз иштерибизди баштап алсак, биригип чоң партия түзүп калышыбыз мүмкүн”, - дейт Бекназаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, укук коргоочу Рита Карасартова жана юрист Нурбек Токтакуновдун жообу бул шилтемеде.